2023-жылдын 16-майында Башкы катчы жана Башкы катчынын орун басарлары Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган атайын отурумуна катышты.
Жалпысынан иш-чарага чет мамлекеттерден 228 өкүл катышты. Жыйынды Милли Межлистин Төрайымы Сахиба Гафарова ачып, улуу инсан, даанышман лидер Гейдар Алиев тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Отурумдун жүрүшүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр да сөз сүйлөдү. Ал бул маанилүү окуяга байланыштуу …
Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын парламентарийлеринен, ошондой эле ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы 2023-жылдын 14-майында Түркия Республикасында өткөн президенттик шайлоого жана …
2023-жылдын 28-апрелинде Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын уюштуруусунда ТҮРКПАнын Он экинчи пленардык отуруму болуп өттү. Пленардык отурум “Адилеттүү дүйнө үчүн парламенттик дипломатия: энергетика, миграция, азык-түлүк” …
2023-жылдын 17-майында Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары Шандор Лежак жетектеген делегация Катчылыкка келип, Катчылыктын кызматкерлери менен жолугушту.
2023-жылдын 18-19-майында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Санкт-Петербург шаарынын 320 жылдыгына карата “Санкт-Петербург – Шериктештиктин парламенттик борбору” аттуу эл аралык форумга катышты. Иш-чара КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер …
"Түрк дүйнөсүндө кызматташтыктын бардык тармактарында чоң потенциал бар. Ассамблеябыздын бул потенциалды пайдалануу менен ишке ашыра турган иш-чаралары орток максаттарыбызга салым кошот."
— Мехмет Сүрейя Эр
ТҮРКПА өзүнүн мүчөлөрү жана байкоочулары, ошондой эле башка өлкөлөрдүн бир катар парламенттери жана кызматташтык институттары менен биргелешип иш-чаралардын кеңири спектрин ишке ашырат.
Ассамблеянын алгачкы пленардык отуруму 2009-жылдын 29-сентябрында Баку шаарында өткөрүлүп, жыл сайын туруктуу негизде өткөрүлүүдө.
Уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгынын эң жогорку деңгээлинин көрсөткүчү болгон пленардык отурумдарда Ассамблеянын административдик жана каржылык маселелери чечилип, парламенттик дипломатиянын темалары каралууда.
Туруктуу комиссиялар ТҮРКПАнын кызматташуу жана өз ара аракеттенүү аспектилерине көмөктөшүүчү иш-чараларды жана жолугушууларды өткөрүшөт. Комиссиялардын мүчө депутаттарына жана жылдык жыйындардын тизмесине байланыштуу маалымат алуу үчүн комиссиялардын баракчаларына өтүңүз.
ТҮРКПАнын адистештирилген топтору мүчө парламенттер менен биргеликте жыйындарды жана конференцияларды уюштурат. Топтордун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алуу үчүн баракчаларына өтүңүз.
ТҮРКПА түрк жана эл аралык уюмдар менен көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө.
2010-жылдан бери ТҮРКПАнын миссиялары түрк дүйнөсүндөгү президенттик жана парламенттик шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүп келет.
![]() |
TR | Ankara | 13:32 | 16° |
![]() |
AZ | Baku | 14:32 | 35° |
![]() |
TM | Ashgabat | 15:32 | 37° |
![]() |
UZ | Tashkent | 15:32 | 34° |
![]() |
KZ | Astana | 16:32 | 31° |
![]() |
KG | Bishkek | 16:32 | 27° |
() |