ТҮРКПАнын 6-Пленардык Ассамблеясы
2015-жылдын, 3 декабрь – 2015-жылдын, 4 декабрь
Астана

ТҮРКПАдагы төрагалык Астанада 3-4 декабрда өткөн Ассамблеянын VI пленардык сессиясынын жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисине өттү.

Иш-чарага Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин Төрагасы Кабиболла Жакыпов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков жана Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Ахмет Айдын жетекчилик кылган парламенттик делегациялар катышты.

Венгрия Улуттук Ассамблеясынын жетекчисинин орун басары Марта Матраи айым жетекчилик кылган делегация байкоочу иретинде катышты. Жыйынга келген эл аралык уюмдар арасында ТүркСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов, Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдырали болду.

Казакстан Төрагалыгынын долбоорлору туралуу сөз сүйлөгөн ТүркПАнын Мөөнөттөгү Төрагасы К.К.Жакыпов «Түрк тилдүү өлкөлөрдө акыркы жыйырма беш жылдын ичинде, боордош элдер арасындагы кызматташтык мурда болбогон деңгээлге көтөрүлдү» деди. Аны менен бирге, Кабиболла Кабенович Түрк Кеңеши алкагында мамлекет башчылары кабыл алган чечимдер менен долбоорлордун орундалшына ТүркПАнын ар тараптуу укуктук көмөк көрсөтүүгө ардайым даяр экенин белгиледи.

МөөнөттөгүТөрага ТүркПАга мүчө өлкөлөрдү учурда дүйнөнү коопсуздантып жаткан маселелер тегерегинде - атап айтканда, терроризм жана радикал экстремизм менен күрөш, экономикалык кризистин көйгөйлөрүн жеңилдетүү жана экологиялык маселелерди чечүү – бекем кызматташууга чакырды.

3 декабрда өткөн Ассамблея Кеңешинин жыйынында Төрагалыкты өткөзүп жатып, Азербайжан Милли Межлисинин Төрагасы Октай Асадов К.Жакыпов менен А.Жээнбеков мырзаларды, ошондой эле, Астанадагы жыйынга катыша албаган кесиптеши, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман мырзаны ТүркПАнын «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйлады. Өз кезегинде МөөнөттөгүТөрагалык макамын колуна алгандан кийин К.Жакыпов Октай Асадов мырзага аталган медал менен сыйлады.

Делегациялар иш-чара программасына ылайык Түрк тилдүү академиясында уюштурулган «Улуу талаадагы мамлекеттүүлүк жана парламентаризм» конференциясына жана «Маңгиташ» илимий реконструкциясынын ачылыш аземине катышышты, Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин китепканасына зыярат кылып, Астана опера жана балет театрында коюлган «Абай» операсын көрүштү, Казакстандын Улуттук музейине барып, «Түрк тилдүү элдердин бирлиги» аттуу көргөзмөгө барышты жана ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнүнжеткчилиги менен жолугушушту.

6-пленардык сессия ТүркПАнын жылдык отчетун укту, Ассамблея комиссияларынын баяндамалары менен сунуштамаларын, ошондой эле, ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссияларынын мүчө өлкөлөрдө өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолорунун натыйжалары туралуу маалыматын бекитти, кээбир комиссиялардын жетекчилерин шайлады.

Декларация