ТҮРКПАнын VIII пленардык жыйыны
2018-жылдын, 20 ноябрь – 2018-жылдын, 21 ноябрь
Измир

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан уюштурулган ТҮРКПАнын сегизинчи жыйыны 2018-жылдын 20-21-ноябрь күндөрүндө Измир шаарында өттү.

Иш-чарага Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы, ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы Биналы Йылдырым жана ошондой эле Венгриянын Улуттук Жыйынынын спикери Ласло Көвер, ТҮРКПАга байкоо жүргүзүү үчүн Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары Хатамжон Кетмонов мейман катары катышты.

Мындан сырткары, сегизинчи жыйынга Түрк мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин, ТҮРКСОЙдун, Түрк маданияты менен мурастары фондунун, Карадеңиз экономикалык кызматташтыгы Парламенттик Ассамблеясынын, Ислам кызматташуу уюмунун (ИКУ), ИКУга мүчө-мамлекеттердин Парламенттик бирлигинин, Түрк дүйнөсүнүн Инженерлер менен архитекторлор бирлигинин, Ахмет Ясави атындагы университеттин жана Түрк жаштарынын дүйнөлүк лигасынын өкүлдөрү болушту.

Өз сөзүндө Биналы Йылдырым кыргыз кесиптешине Жогорку Кеңештин ТҮРКПАга төрагалык кылган маалында Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө кошкон баалуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле пленардык жыйынга Венгрия менен Өзбекстандын парламенттик делегацияларынын катышып жаткандыгын канагаттануу менен белгиледи. Анын айтымында, акыркы он жылда ТҮРКПА көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Келечекте дагы ТҮРКПА алкагындагы кызматташууда көптөгөн прогресстер болот.

Жыйында Октай Асадов дагы өтүп кеткен 10 жыл аралыгындагы Ассамблеянын ишине оң баасын берип, ар мүчө-өлкө парламенттик дипломатияда уникалдуу тарыхка ээ экендигин, ТҮРКПА дагы парламенттик дипломатия аркылуу парламенттер аралык мамилелерди бекемдөөгө салым кошкондугун баса белгиледи.

Акыркы он жылдыкта ТҮРКПА өнүгүү жолу менен кетип бараткандыгына токтолгон Нурлан Нигматулин Ассамблея ишмердүүлүгү түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө оң таасирин берерин билдирди.

Дастан Жумабеков болсо түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуу бардык мүчө-өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгын айтып, түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын маанилүү ролун баса белгиледи.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуусу зарыл деген Ласло Көвер Венгрия түрк тилдүү өлкөлөр менен достук мамилеге жана тыгыз кызматташууга өзгөчө көңүл бура тургандыгын айтты.

ТҮРКПАнын пленардык жыйынга мейман катары катышып жаткандыгына канагаттанган Хатамжон Кетмонов чакырган тарапка ыраазычылыгын айтып, уюмдун мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Сегизинчи пленардык жыйындын күн тартибине ТҮРКПА комиссияларынын акыркы жыйындарындагы отчеттору менен сунуштамаларын, Азербайжандагы президенттик шайлоого жана Түркияданы президенттик жана парламенттик шайлоого ТҮРКПАнын Эл аралык байкоочулук миссиясынын отчетторун кабыл алуу камтылган. Жыйын жүрүшүндө ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагалыгына Садык Шер-Нияз кайра шайланып, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык иштер боюнча комиссиясынын жана Айлана-чөйрө жана жаратылышы ресурстары боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басарлыгына Исмет Учма жана Режеп Шекер бекитилди.

Ошондой эле 2019-жылы ТҮРКПАнын кезектеги тогузунчу пленардык жыйынын Азербайжанда өткөрүү маселеси чечилди.

Жыйын соңунда сегизинчи пленардык жыйындын жыйынтык документи – Измир декларациясы кабыл алынды.

Пленардык жыйындан кийин мүчө-парламенттердин төрагалары сегизинчи пленардык жыйын боюнча маалымат-жыйын өткөрүштү.

Декларация