Төраганын кайрылуусу

2023-жылы Түркия Республикасынын 100 жылдыгы жана Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын 15 жылдыгы белгиленүүдө. Ушул маанилүү жылда биз Биринчи дүйнөлүк согуштун кесепетинен келип чыккан кыйроолорго жана баскынчылыкка каршы күрөштү баштап, боштондук согушуна өзү башчылык кылган, эгемендүүлүк дастанын жазып, Түркия Республикасын жарыялаган Ардагерлер Ассамблеясынын башчысы катары ТҮРКПАга төрагалыкты кабыл алдык.

Бүгүнкү күндө эгемен түрк мамлекеттери катары эки тараптуу негизде да, бир дасторконго чогулган түрк дүйнөсүнүн эл аралык уюмдары менен да мамилебизди жогорку деңгээлге көтөрүп, бардык тармактарда мамилелерди өнүктүрүүнү улантып жатабыз. Мындан ары да биримдикти, ынтымагыбызды бекемдеп, тыгыз кызматташтык жана карым-катнаштарды куруп, Гаспирали Исмаил бей бизге мурас кылып калтырган «тил, пикир жана иш биримдиги» идеясына жакындай беребиз. Түркия ар дайым эгемен түрк мамлекеттери менен карым-катнаштарды өнүктүрүүгө бекем чечкиндүүлүгүн сактап келет. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны сыяктуу биз түрк дүйнөсү менен болгон карым-катнаштарга чоң маани жана артыкчылык беребиз.

Цивилизациянын, маданияттын, тарыхтын жана тилдин биримдигинин негизинде ТҮРКПА 2008-жылы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы катары түзүлгөн. Өткөн жылы Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы деп өзгөртүлгөн ТҮРКПА өзүнүн интенсивдүү ишмердүүлүгү менен түрдүү маселелерди чечкен жана эгемен түрк мамлекеттердин парламенттерин бириктирген маанилүү уюм катары ишмердүүлүгүн улантып келет.

Парламенттик дипломатиянын негизинде түрк мамлекеттердин кызматташуу түзүмдөрүнүн арасында өзгөчө орунду ээлеген ТҮРКПА 21-кылымдагы биринчи түрк эл аралык уюм жана түрк дүйнөсүндөгү башка эл аралык уюмдардын алгачкысы болуп эсептелет. ТҮРКПА 15 жыл ичиндеги прогресси жана жетишкендиктери менен теңтуштарынын арасында үлгүлүү эл аралык парламенттик уюмга айланган. Бүгүнкү күндө ТҮРКПА өзүн парламенттик уюм катары гана эмес, ийгиликтүү регионалдык эл аралык уюм катары да тааныткан.

Эбегейсиз зор куч-аракеттин жана эмгектин баасы менен азыркы денгээлге жеткен биздин мамилелерибизди биз эч качан жетиштүү деп эсептей албайбыз. Эстафета катары көргөн бул жолдо биз мурункуларыбыздан кабыл алынган бул тууну колубуздан келишинче көтөрүп, бизден кийинкилерге жеткиребиз. Кабыл алган бул тууну татыктуу көтөрүп келип, бизден кийинкилерге өткөрүп беребиз. Аты-жөнү, милдеттер өзгөрсө дагы түрк дүйнөсүн жакындаштырып, орток келечекти курууга болгон чечкиндүүлүгүбүз, эркибиз өзгөрбөйт.

ТҮРКПА туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана башка иш-чаралар аркылуу ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу менен ишин улантууда. Бул багытта парламенттерибиздин профилдик комиссияларынын кызматташтыгы өнүгүп, моделдик мыйзамдар менен мыйзам актыларынын жакындашуусу байкалууда, биздин депутаттар бир тууган мамлекеттердин парламенттери менен таанышууга, тажрыйба жана маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк алууда. Мындай жетишкендиктер Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагалыгында барган сайын арта берет.

Эл аралык уюмду ийгиликтүү башкаруу уюмду түзүүгө караганда кыйыныраак. ТҮРКПА негизделгенден бери өнүгүп, чыңдалып, көптөгөн жетишкендиткерге ээ болуу менен менен өзүнүн ийгилигин далилдеди. Түрк дүйнөсүнүн башка эл аралык уюмдары сыяктуу эле ТҮРКПА жана ага көрсөтүлүп жаткан колдоолор бир туугандык рухтун жана жалпы келечекти курууга болгон эрктин чыныгы көрүнүшү болуп саналат.

«Күч – биримдикте» деген накыл сөзгө ылайык, эгемен түрк мамлекеттери өз күчүн бириктирип, башына келген бардык чакырыктарга каршы биргелешип жооп беришсе, барган сайын дагы да күчөшөт.

Алдыдагы мезгилди ийгиликтүү өткөрөбүз деп терең ишеним. Өткөн жылдарда ТҮРКПАнын чыңдалышына салым кошкондорго урмат-сый менен ыраазычылыгымды билдирип, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынына төрагалык кылуу Түрк дүйнөсүнө жана боордош түрк элдерине пайда алып келүүсүн каалайм.


Проф. док. Нуман Куртулмуш

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы

ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы