ТҮРКПАнын VII пленардык жыйыны
2017-жылдын, 8 декабрь
Бишкек

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) VII планардык жыйыны Бишкек шаарында (Кыргызстан) өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин Төрагасы Октай Асадов, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева катышты.

Белгилей кетсек, аталган иш-чарага байкоочу катары Венгрия Мамлекеттик Жыйынын Төрагасынын орун басары Иштван Якоб, ошондой эле ТүркПАнын тарыхында биринчи жолу Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасынын орун басары Нариман Умаров башында турган Өзбекстандын парламенттик делегациясы ардактуу конок катары катышты.

ТүркПАнын VII планардык жыйынынын күн тартибиндеги “Парламенттердеги ачык-айкындуулук: чечим кабыл алуудагы жаңы технологиялар” маселесинин алкагында айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо, маданият, экономика, укук жана эл аралык мамилелер жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жыйын жүрүшүндө ТүркПАнын Башкы катчысы жана анын орун басарлары, тармактык комиссияларынын төрагалары менен алардын орун басарлары бекитилди. Мындан сырткары, жыйын катышуучулары ТүркПАнын 2018-жылга жана 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата бюджетин карап, жактырышты. Жыйынтыгында Ала-Арча декларациясы кабыл алынды.

8-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн ТүркПАнын 7-пленардык жыйынынын соӊунда парламент төрагалары журналисттер үчүн маалымат-жыйын беришти. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТүркПАнын VII пленардык жыйынынын жыйынтыгына оӊ баа берүү менен, анын Бишкек шаарында өткөнүнүн маанисин баса белгиледи.

Ошондой эле, Дастанбек Жумабеков Өзбекстан менен Түркмөнстан өлкөлөрүнүн ТүркПАнын курамына мүчө катары кириши эл аралык бирикменин саясий жана экономикалык жактан беделин көтөрүп, аймактык маселелердин чечилишин кыйла жандандырар эле деген пикирин билдирди.

Эске салсак, Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылар тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.

Декларация