ТҮРКПАнын X Пленардык жыйыны
2021-жылдын, 28 сентябрь
Түркистан

2021-жылдын 28-сентябрында Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору Түркстанда Казакстан Республикасынын Парламентинин коноктоосунда ТҮРКПАнын Онунчу Пленардык жыйыны болуп өттү. Жыйындын темасы "Түрк парламенттер аралык кызматташтыгынын перспективалары" болгон.

Ачылыш сөзүн Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы жана ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Нурлан Нигматулин мырза жасады. ТҮРКПАга мүчө парламенттердин башчылары - Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов мырза, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп мырза, ошондой эле Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын Биринчи орун басары Марта Матраи айым байкоочу катары жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасынын орун басары Улугбек Иноятов мырза конок катары Пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Иш-чарага парламенттик делегациялар, Түрк кызматташтык уюмдарынын, байкоочу уюмдардын жана башка мекемелердин, анын ичинде - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин, ТҮРКСОЙдун, Эл аралык Түрк академиясынын, Кара деңиз экономикалык кызматташтыгынын Парламенттик Ассамблеясынын, ИКУга мүчө мамлекеттердин Парламенттик Биримдигинин, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференциянын, Ахмет Ясеви атындагы эл аралык Казак-Түрк университетинин жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин башчылары жана өкүлдөрү катышкан.

Жыйындын күн тартибине укуктук документтердин долбоорлорун, туруктуу комиссиялардын отчетторун жана сунуштамаларын кароо жана кабыл алуу, "Кинематографияга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана аудиовизуалдык чыгармаларды өндүрүү", "Кинематография", "Электрондук комерция", "Энергия ресурстарын сарамжалдуу колдонуу жана энергиялык эффективдүүлүк" моделдик мыйзамдардын долбоорлорун кабыл алуу кирген.

Парламенттердин мүчөлөрү - Исмет Учма (Түркия), Рыскелди Момбеков (Кыргызстан), Амерхан Рахимжанов (Казакстан) жана Ахлиман Амирасланов (Азербайжан) ТҮРКПАнын туруктуу комиссияларынын төрагалары болуп шайланып, ал эми төрагалардын орун басарларынын кызматтарына Сауытбек Абдрахманов (Казакстан), Низами Жафаров (Азербайжан), Салайдин Айдаров (Кыргызстан) жана Режеп Шекер (Түркия) шайланган.

Пленардык жыйында Мехмет Сурейя Эр мырза ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп шайланып, ал эми Фуад Алакбаров жана Талгат Адуов Башкы катчынын орун басарлары болуп шайланган.

ТҮРКПАнын кезектеги Он биринчи Пленардык жыйынын 2022-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды. Жыйын Түркстан декларациясын кабыл алуу менен аяктады.

Пленардык жыйындан кийин пресс-брифинг өткөрүлүп, анда парламенттик делегациялардын башчылары Онунчу Пленардык жыйындын жыйынтыктарын чыгарышты.

Декларация