Сакы Садыков
KG
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү
Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу

1994-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин “Журналистика” факультетин аяктаган. Дипломдук ишин «Эл аралык мамилелер жана басма сөз» деген темада жазган. Журналисттик ишмердигинде (1994-2022-жж.) «Кыргыз Руху», «Учкун», «Ыйык милдет», «Эркин Тоо» жана башка гезиттерде кабарчыдан баштап башкы редакторлукка чейинки кесиптик кызмат баскычтарын басып өткөн. Ал ошондой эле телеканалда редактор жана продюсер кызматтарын аркалаган. 2022-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.

Эл аралык мамилелер боюнча адистешкен журналист катары бул багытта жана маданий мурастар боюнча көптөгөн макалалардын жана китептердин автору.

2023-жылдын сентябрь айынан тартып Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу катары ТүркПАда иштейт.