Түркия Республикасындагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы
2023-жылдын, 28 май
Түркия

ТҮРКПАнын Азербайжан жана Казакстандын парламентарийлеринен, ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы 2023-жылдын 28-майында Түркия Республикасында өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасына кыска мөөнөттүү байкоо жүргүздү. Миссияны Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Саламаттыкты сактоо комитетинин Төрагасы жана ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасы Ахлиман Амирасланов жетектеди.

Шайлоо күнү Миссиянын мүчөлөрү Анкара жана Конья шаарларындагы шайлоо участокторуна барышып, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү. ТҮРКПАнын байкоочулары добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, шайлоочулар, жергиликтүү байкоочулар жана шайлоо участкаларынын кызматкерлери менен жеринде баарлашты. Жогорку Шайлоо Кеңеши (ЖШК) Шайлоого шайлоочулардын катышуусу болжол менен 85,70% түзгөнүн билдирди. ЖШК президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алдын ала жыйынтыгын жарыялап, Режеп Тайып Эрдоган мырза шайлоодо болжол менен 52,14% добуш менен жеңгенин билдирди.

29-майда Миссия байкоосунун алдын ала жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Миссия шайлоо ачык жана демократиялык шарттарда, шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү менен өткөнүн баса белгиледи. Миссия шайлоо органдары шайлоонун экинчи айлампасына даярдыктарды сапаттуу жана кесипкөйлүк менен, ошондой эле белгиленген мөөнөттөрдү сактоо менен жүргүзүшкөнүн белгилеп, мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочулардын добуш берүү укуктарын камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерин жогору баалады.

Байкоо участкаларында добуш берүүнүн жалпы жүрүшү оң бааланды. Миссия барган шайлоо участкаларында добуш берүү процедуралары жана добуш берүүнүн купуялуулугу сакталганын, ошол эле жергиликтүү байкоочулардын катышуусу ачык-айкындуулуктун жогорку деңгээлин камсыз кылганын белгиледи.

Миссия 2023-жылдын 28-майындагы Түркия Республикасындагы президенттик шайлоонун экинчи туру Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөрүлдү деген корутунду чыгарды.