Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдум
2021-жылдын, 10 январь
Кыргызстан

2021-жылы 8-11-январда ТҮРКПАнын Эл аралык байкоочу миссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга кыска-мөөнөттүү байкоо жүргүздү. Миссияны Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (GNAT) мүчөсү, ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Режеп Шекер мырза жетектеди, миссия Азербайжан Республикасы менен Түркия Республикасынын парламенттеринин мүчөлөрүнөн, ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын дипломатиялык кызматкерлеринен түзүлдү.

Миссия Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, БШКнын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов ТҮРКПАнын байкоочулар Миссиясынын Кыргызстандагы шайлоого жигердүү катышкандыгын кубаттады жана бул багытта парламентчилердин иш-аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Руслан Казакбаев эл аралык байкоочулардын шайлоодогу иш-аракеттери жөнүндө маалымат берди жана Кыргызстандын Өкмөтү мамлекеттик органдардын реформаларын жүргүзүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кыргызстандыктардын ишениминин зарылдыгын толугу менен сезип жаткандыгын баса белгиледи.

Жолугушуулардын жүрүшүндө миссияга президенттик шайлоого жана референдумга даярдык боюнча көрүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Миссиянын мүчөлөрү ошондой эле президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар байкоочуларга шайлоо алдындагы платформалары, үгүт иштери жана 10-январдагы шайлоодон үмүттөрү жөнүндө маалымат беришти.

ТЮРКПАнын миссиясы КМШ ПАА жана ЕККУ ПАнын эл аралык байкоочу миссиялары менен жолугушууларды өткөрдү.

Миссиянын башчысы Режеп Шекер ошондой эле эл аралык байкоо жүргүзүү миссияларынын башчыларынын Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен биргелешкен жыйынына катышты.

Добуш берүү күнү миссия Бишкек шаарындагы бир катар шайлоо участокторго барды, белгиленген участоктордо добуш берүү процессине ачылышынан баштап, добуштар саналганга чейин бардык этаптарында байкоо жүргүздү. Миссия добуш берүүнүн мониторинг жүргүзүүгө, шайлоочулар, шайлоо участоктордун кызматкерлери жана жергиликтүү байкоочулар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

11-январда миссия байкоо жүргүзүү иштеринин жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрүп, 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана референдум демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деп жыйынтык чыгарды.

Шайлоо/референдум боюнча билдирүү