ТҮРКПА Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты
2022-жылдын, 10 ноябрь

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр 2022-жылдын 10-ноябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин тогузунчу жыйынына катышты. Жыйын ТМУнун 9-саммитинин алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарага ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана министрлердин орун басарлары, ошондой эле түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери катышты. Жыйныдын жүрүшүндө Түркия Республикасы төрагалыкты Өзбекстан Республикасына тапшырды.

Өз сөзүндө Башкы катчы Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ТҮРКПАнын түрк кызматташтыгынын парламенттик өлчөмү катары өз милдеттерин аткаруу ниетинин чечкиндүүлүгүн ырастады.

Министрлер жана министрдин орун басарлары күн тартибине тиешелүү документтерди жана 11-ноябрда өтүүчү мамлекет башчыларынын саммитинин жүрүшүндө кол коюлуусу күтүлгөн Саммиттин Декларациясын талкуулашты.