Стамбулда Түрк кызматташтыгы уюмдарынын координациялык отуруму болуп өттү
2023-жылдын, 20 январь

2023-жылдын 20-январында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы Стамбул шаарында болуп өткөн Түрк кызматташтыгы уюмдарынын координациялык комитетинин үчүнчү жыйынына катышты. Отурумга Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев мырза, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султанбай Раев мырза, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гүнай Афандиева айым жана Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев мырза катышты.

Жыйындын катышуучулары 20-январ окуясынын шейиттерин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, бардык шейиттердин элесине Фатиха окушту.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар өз уюмдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иш-чаралары тууралуу маалымат беришип, уюмдар арасында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча сунуштарын айтышты.

Тараптар биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана бири-биринин долбоорлоруна активдүү түрдө катышуу маселелерин талкуулашып, 2023-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планын макулдашышты.

Жаңылыктардын тартиптелиши
Стамбулда Түрк кызматташтыгы уюмдарынын координациялык отуруму болуп өттү
2023-жылдын, 20 январь
(Бул баракчадагы жаңылык)