ТҮРКПА парламентарийлер үчүн жол коопсуздугу боюнча биринчи эл аралык конференциясына катышты
2023-жылдын, 8 февраль

2023-жылдын 8-9-февралында ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Талгат Адуов мырза Эл аралык Парламентарийлер Конгресси (ЭПК) жана Европа Биримдиги (ЕБ) биргелешип Пакистандын Исламабад шаарында уюштурган “Жол коопсуздугу боюнча эффективдүү мыйзамдык база үчүн потенциалды жогорулатуу” темасынын алдында парламентарийлер үчүн биринчи конференциясына катышты.

Эки күндүк конференцияга парламенттик ассамблеялардын жана БУУ, ЕБ, ПАБ сыяктуу эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле илимий институттардын жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви мырза да иш-чарага катышты.

Парламентарийлер үчүн жол коопсуздугу боюнча конференциясынын ачылыш сессиясында сөз сүйлөп жатып, Президент мырза Түркия менен Сириядагы кыйраткыч жер титирөөдөн кесепетинен ушундай трагедиялуу адамдардын каза болушу жана мүлктүн жоголушуна терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Алви мырза ошондой эле конференция өлкө акыркы күндөрү натыйжасында ири адам курмандыктарына жана жаракат алууларга себеп болгон көп сандаган жол-транпорт кырсыгына кабылып жаткан өтө оор учурда чакырылганын белгиледи.

Конференциянын алкагында Адуов мырза ЭПКнын Президенти жана Пакистан Сенатынын Төрагасы Мухаммад Садик Санжрани мырза, ПАБдын Президенти Дуарте Пачеко мырза жана ЭПКнын Башкы катчысы Ситара Аяз айым менен жолугушту. Тараптар кызматташтыкты мындан аркы өнүгүү жана эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашышты.

Конференцияда бул маселе боюнча беш сессия орун алган. Конференциянын соңунда жол коопсуздугу боюнча Исламабад декларациясы кабыл алынды.