Ташкентте "Шуша күндөрү" өткөрүлдү
2023-жылдын, 12 апрель

2023-жылдын 11-12-апрелинде Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Шуша шаарынын “2023-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялангандыгына байланыштуу Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду Ташкенттеги Гейдар Алиев атындагы Азербайжан маданий борбору менен биргелешип уюштурган "Шуша күндөрү" иш-чарасына катышты жана сөз сүйлөдү.

Иш-чарага парламентарийлер, түрк кызматташтык уюмдарынын башчылары, түрк мамлекеттеридин элчилери, Азербайжан менен Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын, маданий жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чара улуттук лидер Гейдар Алиевдин эстелигине, ошондой эле "Шейиттер жана Жеңиш" эстелик комплексине гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу менен башталды. Андан ары конокторго "Эркин жана гүлдөгөн Шуша" аттуу фотосүрөттөрдүн жана басылмалардын көргөзмөсү тартууланды.

Өзбекстандын Маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гүнай Афандиева, Өзбекстандагы Гейдар Алиев атындагы Азербайжан маданий борборунун директору Самир Аббасов, Азербайжан Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчиси Хусейн Гулиев, Өзбекстандын Маданий мурастар агенттигинин жетекчиси Баходир Абдукаримов жана башка расмий өкүлдөр иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөштү.

Эртеси күнү иш-чаранын катышуучулары Ташкент облустук "Турон" маалымат-китепкана борборуна барышып, фонд тарабынан берилген басылмалар да орун алган Шушага арналган бурч, андан соң китепкананын репрессия курмандыктарына арналган музейи менен таанышты.

Катышуучулар иш-чаранын уюштурулушун жогору баалап, мындай долбоорлорду илгерилетүүгө максималдуу күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө Шушанын бүткүл түрк дүйнөсүнүн маданий жана адабий чөйрөсүндөгү орчундуу орду да баса белгиленди. Коноктор түрк мамлекеттердин ортосундагы бардык тармактарда кызматташтыктын өнүгүшүнө канааттангандыктарын билдиришип, Азербайжан менен Өзбекстандын жана жалпы эле түрк мамлекеттердин ортосундагы достук менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.

Конокторго жана уюштуруучуларга Гүнай Афандиева айым тарабынан сувенирлер тапшырылды.

"Шуша күндөрү" иш-чарасы Гүлнара Халилова тарабынан жасалган "Карабак" азербайжандык улуттук кийимдер коллекциясынын бет ачары менен уланды.

Иш-чаранын алкагында Шушанын маданияты, адабияты, искусствосу жана тарыхы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, андан соң Хуршидбану Натавандын өзбек тилине которулган чыгармаларынын бет ачары болуп өттү. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү майрамдык концерт менен уланып, эки өлкөнүн эл артисттери тарабынан тартууланган азербайжан жана өзбек элинин ырлары жана бийлери аткарылды.