Бакуда ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын 9-жыйыны өттү
2023-жылдын, 7 апрель

2023-жылдын 7-апрелинде Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу ЮНЕСКО иштери боюнча Азербайжандын Улуттук комиссиясы, Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), “AДА” университети жана Университеттин Өнүгүү жана дипломатия институту (ӨДИ) биргелешип уюштурган ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссияларынын 9-жыйыны өттү. Жыйынга ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Талгат Адуов жана Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын катчысы Кундуз Рустембекова катышты.

Түрк мамлекеттеринин материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын коргоо маселелерин талкуулоого арналган иш-чарага министрлер, парламентарийлер, эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде Тышкы иштер министри, Азербайжандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Төрагасы Жейхун Байрамовдун видео кайрылуу жасап, андан соң Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин мүчөсү, ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасы Ахлиман Амирасланов, Азербайжан Республикасынын Экология жана табигый ресурстар министри Мухтар Бабаев, Азербайжан Республикасынын Маданият министринин милдетин аткаруучу Адил Каримли, мурдагы премьер-министр, Азербайжандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Биринчи төрагасы Гасан Гасанов, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Билал Чакыжы жана Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Төрагасы Өжал Огуз сөз сүйлөдү.

Жыйындын жүрүшүндө Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов да сөз сүйлөп, маданий мурастарды коргоо, түрк маданиятын дүйнөлүк деңгээлде жайылтуу боюнча кызматташуу жана координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал катышуучуларга ТҮРКПАнын учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде маданий жана тарыхый байлыктарды коргоо боюнча чараларды илгерилетүү үчүн мүчө мамлекеттер тарабынан колдонулушу мүмкүн болгон моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу тууралуу маалымат берди. Башкы катчынын орун басары Адуов мырза 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган Шуша шаарынын маданий мурастардын объектилерин калыбына келтирүү боюнча жергиликтүү бийлик органдар жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан жүргүзүлүп жаткан маңыздуу иштерди баса белгиледи. Жыйындын катышуучулары Шуша шаарын реконстуркциялоо, анын жашоо-турмушунун коопсуздугун камсыз кылуу жана тургундардын кайтып келиши региондо тынчтыкка жетүү үчүн жасалган маанилүү кадам болоорун баса белгилешти.

ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын төрагалыгы Түркиядан Азербайжанга өткөрүлүп берилди.

Жыйындын жабылыш аземи “Түрк дүйнөсүнүн 2023-жылдагы маданий борбору” деп жарыяланган Шуша шаарында өтүп, жыйынтыктоочу декларация кабыл алынды.

Жаңылыктардын тартиптелиши
Бакуда ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын 9-жыйыны өттү
2023-жылдын, 7 апрель
(Бул баракчадагы жаңылык)