ТҮРКПА Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагынын 2-конференциясына катышты
2023-жылдын, 13 март

2023-жылдын 13-мартында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы Бахрейндин Манама шаарында өткөн Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагынын (КК ПТ) 2-конференциясына катышты. Иш-чара ПАБдын 146-Ассамблеясынын алкагында өтүп, “Пандемиядан кийинки мезгилде калыбына келтирүү боюнча улуттук жана глобалдык күч-аракеттерге парламенттик колдоо көрсөтүү” жана “Кошулбоо кыймылын мындан ары институтташтыруу боюнча пикир алмашуу” атту темаларды камтыган.

Конференция Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин жана КК ПН Төрайымы Сахиба Гафарованын жетекчилиги астында өттү. Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Түркия жана Сириядагы катуу жер титирөөлөрдүн натыйжасында каза болгондорго бир мүнөт эскерүү менен таазим кылышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Төрайым Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагы 2021-жылдын ноябрь айында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин демилгеси менен түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Парламент башчысы тармактын максаттарына токтолуп, тармактын биринчи конференциясынан бери аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Гафарова айым КК ПН Кошулбоо кыймылынын идеалдарын жана принциптерин, ошондой эле көп тараптуулукту, диалогду жана парламенттер аралык кызматташтыкты илгерилетүү үчүн маанилүү платформа болуп каларына бекем ишенимимин билдирди.

Конференцияда Бахрейн Королдугунун Шура Кеңешинин Төрагасы Али бин Салех аль Салех, ПАБдын Президенти Дуарте Пачеко жана ПАБдын Башкы катчысы Мартин Чунгонг сөз сүйлөштү. Иш-чара КК ПТнын мүчө парламенттеринин жана өнөктөш эл аралык уюмдардын делегация башчыларынын баяндамалары жана пикир алмашуулары менен уланды.

Конференцияда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр да сөз сүйлөдү. Башкы катчы парламенттик дипломатиянын дүйнөдө тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуудагы маанилүү ролун белгилеп, парламенттик тармактын эл аралык аброю жана белгилүүлүгү анын глобалдык парламенттик дипломатияга жигердүү катышуусу менен мындан ары да жогорулайт деген ишенимин билдирди. Бул контекстте Башкы катчы 2023-жылдын февраль айында Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагы менен ТҮРКПАнын ортосундагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумуна кол коюлганын баса белгиледи.

Конференциянын корутунду документи катары Манама Декларациясы кабыл алынды.