ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын биринчи жыйыны
2011-жылдын, 3 ноябрь – 2011-жылдын, 4 ноябрь
Баку

2011-жылдын 3-ноябрында ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү. Иш-чарага мүчө өлкөлөрдүн депутаттары, ТҮРКПАнын Катчылыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. Жыйында боордош Түркиядагы террористтик актылар жана Ван провинциясындагы жер титирөөнүн курмандыктары бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди.

Иш-чараны Милли Мажлистин депутаты, уюмдун Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза ачып, ТҮРКПАнын эл аралык ишмердүүлүгү жана анын парламенттик дипломатияны өнүктүрүүдөгү ролу жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, эки жыл мурун гана түзүлгөн бул уюм ишмердүүлүгүнүн биринчи күнүнөн баштап түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүү кадамдарды жасады.

Азырынча төрт өлкө - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мүчө болгон ТҮРКПАны келечекте кеңейтүү жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин ассамблеяга кошулуусу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүп жатат.

Андан кийин, Милли Мажлис төрагасынын биринчи орун басары Зияфат Асгаров жыйындын катышуучуларына Азербайжан парламентинин жетекчилигинин атынан салам айтты. Парламенттик дипломатия заманбап дүйнөдө маанилүү ролду ойноп жатканын белгиледи. Ал ТүркПАга мүчө мамлекеттердин саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыгынын дүйнө жүзү үчүн артыкчылыктарын жана перспективалараын баса белгиледи. Биринчи вице-спикер комиссиянын төрагасына жана мүчөлөрүнө эң жакшы каалоо-тилектерин айтып, жыйынга ийгилик каалады. Катышуучуларга уюмдун таасирдүү уюмдардагы өкүлчүлүгү жөнүндө маалымат берип жатып, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Рамил Гасанов бул багытта жасалган иштер жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, буга чейин ТҮРКПА бир катар эл аралык уюмдарда байкоочу жана конок статусун алган. Уюм ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясында байкоочу статусун алуу үчүн кайрылган жана бул маселе учурда уюмдун күн тартибинде турат жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын кийинки жыйынында добушка коюлат.

Эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын биринчи жыйынынын күн тартиби кабыл алынгандан кийин, комиссия мүчөлөрүнүн сүрөтү тартылды.

Тыныгуудан кийин комиссиянын Төрагасы Ахлиман Амирасланов «ТҮРКПАнын эл аралык кызматташтыгынын негизги аспектилери жана перспективалары» деген темада доклад жасады. Отчетто бул жаатта жасалган иштер, эл аралык уюмдар менен түзүлгөн мамилелер, кызматташтык байланыштарды кеңейтүү чаралары чагылдырылды.

Талкуунун жүрүшүндө Казакстан Парламентинин депутаты Валихан Коңурбаев, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Үлкер Гөзел, депутаттар Ильхам Алиев, Садатагат Валиева жана башкалар эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн ар кандай багыттары, дүйнөдөгү актуалдуу көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору жөнүндө сүйлөштү. Бүгүнкү күндө ТҮРКПАга мүчө өлкөлөр Батыш өлкөлөрү эңсеген артыкчылыктарга - бай жалпы тилге, маданиятка, тарыхка жана руханий баалуулуктарга ээ экендиги белгиленди. Бул байлыкты коргоо үчүн конкреттүү кадамдар жасалышы керек. Алар өз сөздөрүндө бардык түрк тилдүү элдер үчүн жалпы тилди жана алфавитти түзүү боюнча олуттуу иштердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Толугураак пикир алмашуудан кийин докладдын долбоору бир добуштан жактырылып, кабыл алынды. Түркиянын депутаты Үлкер Гөзел ТҮРКПАнын келерки жылы Кыргызстанда өтө турган 3-пленардык жыйынында докладчы болуп дайындалды.

Комиссиянын биринчи жыйынында “ТҮРКПАнын эл аралык кызматташтыгынын негизги аспектилери жана перспективалары боюнча сунуштар” дагы каралды. Талкууда депутаттар Севинж Гусейнова, Чингиз Ганизада, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Мүхаррем Инже, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Урмат Аманбаева өз ойлорун билдиришти. Пикирлер жана сунуштар айтылды. ТҮРКПАнын үгүт иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленип жана жакынкы аралыкта уюмдун курамы кеңейет деген ишенимин билдирилди. Сунуштардын долбоору жактырылгандан кийин 3-пленардык жыйында комиссиянын Төрагасы Ахлиман Амирасланов ушул маселе боюнча докладчы болуп дайындалды.

Жыйында бир катар уюмдардын маселелери дагы талкууланды. Регламентке ылайык, кийинки жылы Казакстанда Эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын экинчи жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынып, ал жыйындын күн тартиби бекитилди. Ошентип, комиссия өз ишин жыйынтыктады.