ТҮРКПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны
2014-жылдын, 28 апрель
Астана

2014-жылдын 28-апрелинде Казакстандын борбору Астана шаарында ТҮРКПА Укуктук комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү. Жыйынга Комиссиянын Төрагасынын орун басары жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин мүчөсү Нурлан Абдиров мырза жетекчилик кылды.

Комиссиянын мүчөлөрү ТҮРКПАнын мыйзамдык базасын өнүктүрүүгө токтолушуп, Ассамблеянын мыйзамдарда белгиленген документтерин кайра карап чыгуу жана өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жыйындын алкагында комиссиянын жыйыны баштала электе, маселе боюнча пикир алмашуу жана маселени талкуулоо максатында мүчө өлкөлөрдүн эксперттеринин консультациялары өткөрүлдү. Комиссия ТҮРКПАнын бешинчи пленардык сессиясында кароо үчүн бул маселе боюнча кеңири отчет даярдоо боюнча сунуш чечимин кабыл алды. Мындан тышкары, катышуучулар ТҮРКПАнын туруктуу комиссияларын кайра түзүү маселесин талкуулашты жана июнь айында Ассамблеянын бешинчи пленардык сессиясында карала турган комиссиянын сунуш чечимин жактырышты.

Жыйныдын негизги темасы ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү болуп, тийиштүү отчет жана сунуштамалар боюнча чечим Комиссия тарабынан жактырылды.

Комиссиянын кезектеги жыйынын 2014-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.