ТҮРКПАнын Айлана-чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын биринчи жыйыны
2015-жылдын, 2 апрель – 2015-жылдын, 3 апрель
Анкара

2015-жылдын 2-апрелинде Анкара шаарында Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин мүчөсү, академик Ахлиман Амираслановдун төрагалыгы астында ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча боюнча Комиссиясынын биринчи жыйыны өткөрүлдү. Жолугушуунун негизги темасы Түрк тилдүү мамлекеттердеги чөлдөшүүгө каршы күрөшүү болду.

Комиссиянын отурумунда мүчө өлкөлөрдүн депутаттары Түрк тилдүү мамлекеттердеги чөлгө айлануу маселелерин, мүчө өлкөлөрдүн бул жааттагы улуттук саясатын талкуулап, бир катар сунуштарын беришти.

Ошол эле учурда, мүчө өлкөлөрдүн депутаттары Комиссиянын келечектеги иш-чараларынын иш планын талкуулашты. Ушул талкуулардын жүрүшүндө Комиссия мүчөлөрү ТҮРКПАнын алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуунун артыкчылыктуу жолдорун аныктоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Катышуучулар маселелер боюнча бирдиктүү позицияны көрсөтүп, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана Түрк тилдүү өлкөлөрдө сапаттуу жашоону улантуу боюнча биргелешкен чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти. Делегациялар бул багыттагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруунун жана иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн билдиришти.

Жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиядан келген делегациялар, ошондой эле Түркиянын Айлана-чөйрө жана шаар куруу министрлиги, Токой жана суу иштери министрлиги, Түрк дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлер бирлиги, Түрк Кеңеши, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирлиги жана башкалар катышты.

Комиссиянын отчету жана сунуштаманын чечими 2015-жылдын аягында Казакстанда өтө турган ТҮРКПАнын алтынчы пленардык сессиясында кабыл алынууга бекитилген.