1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын "окутуучу-машыктыруучу" адистиги боюнча аяктаган;
2010-жылы "Юриспруденция" адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын бүтүргөн;
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында "Эл аралык мамилелер" багыты боюнча магистр даражасын алган.
1998-жылы Жалал-Абад облусунун Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик институтунун филиалында дене тарбия мугалими;
2000-2007-жылдары жеке ишкер;
2007-2010-жылдары "Элдик чындык" коомдук фондунун төрагасы;
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр – жай палатасынын Кытай Элдик Республикасындагы өкүлү;
2011-2012 – жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун кеңешчиси;
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты болуп шайланган: Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы;
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү.