Өзбекстан Республикасындагы парламенттик шайлоо
2019-жылдын, 22 декабрь
Өзбекстан

Башкы катчы А.Мамаюсупов баштаган, курамына башкы катчынын орун басарлары кирген ТҮРКПА Катчылыгынын делегациясы, Өзбекстандагы парламенттик шайлоого кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүү үчүн Ташкентке келишти.

2019-жылдын 20-21-декабрында ТҮРКПА делегациясы борбордук жана шаардык шайлоо комиссиялары менен жолугушууларды өткөрдү. Анда аларга өлкөнүн шайлоо системасындагы реформалар жана шайлоо администрациясы боюнча кенен маалымат берилди. Ошондой эле борбордук жана шаардык шайлоо комиссияларынын жогорку кызмат өкүлдөрү биринчи жолу парламенттик шайлоо менен бирге шаардык жана райондук (Туман) кеңештерге да шайлоо өтүп жатканы боюнча маалымат беришти.

22-декабрь шайлоо күнү ТҮРКПА өкүлдөрү Ташкенттин өзүндө жана жакынкы райондорундагы ар кандай 15 шайлоо тилкесинде болушту. Иш сапардын жүрүшүндө делегаттар шайлоо процессинин баардык этаптарына байкоо салышып, шайлоо участокторунун биринде добуштардын саналышына күбө болушту.

Байкоо жүргүзүү программасына ылайык ТҮРКПАнын өкүлдөрү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью беришти.