Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисине шайлоо
2021-жылдын, 10 январь
Казакстан

2021-жылы 8-10-январында ТҮРКПАнын Эл аралык байкоочу миссиясы Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин шайлоосуна кыска-мөөнөттүү мониторинг өткөрдү. Белгиленген миссияны Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (GNAT) мүчөсү, ТҮРКПАнын Укук иштери жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясынын төрагасы Исмет Учма мырза жетектеди, миссияга Азербайжан Республикасы менен Түркия Республикасынын парламенттеринин мүчөлөрү, ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын дипломатиялык кызматкерлери киришти.

Байкоо программасынын алкагында Миссиянын мүчөлөрү Казакстан Парламентинин Сенатынын Төрагасы (Жогорку Палата) Маулен Ашимбаев мырза менен жолугушту. Түрк кызматташтыгынын орчундуу ролун баса белгилеп, Ашимбаев мырза ТҮРКПАнын өкүлдөрүнүн шайлоону байкоо ишине катышуусун Казакстан үчүн чоң мааниге ээ экендигин билдирди.

Ошондой эле, өлкөдө эл аралык абройлуу уюмдардын сунуштарын эске алуу менен бирге, добуш берүүнүн талаптагыдай деңгээлде өтүшү үчүн бардык чараларды көрүп жатканы белгиленди. “Акыркы жылы Казакстан өлкөнүн саясий тутумун өркүндөтүү боюнча конкреттүү иш-аракеттерди өткөрдү. 2020-жылы президенттик пакетинин саясий реформалары ишке ашыруу мыйзам түрүндө камсыздалды, анын ичинде аялдар жана жаштар үчүн партиялык тизмедеги 30% квота, саясий партияларды жана парламенттик оппозиция институтун каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби бекитилди” - деп Ашимбаев мырза маалымдады.

Ошондой эле миссия Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Шахрат Нурышев мырза, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашев жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө шайлоону түрк кызматташтыгынын парламенттик чен-өлчөмү боюнча байкоо жүргүзүүнүн мааниси баса белгиленди. Байкоочуларга Казакстандын Мажилисинин жана Маслихаттарынын депутаттарын кезектеги шайлоого карата логистикалык жана техникалык даярдыктар жөнүндө, партиялардын шайлоо платформалары жана саясатынын негизги аспектилери жөнүндө маалымат берилди.

Өз кезегинде миссиянын мүчөлөрү шайлоолор казакстандыктардын пайдасына таза, эркин жана ачык-айкын өтөт деген ишенимин билдиришти.

Шайлоо күнү миссия Нур-Султандагы бир катар шайлоо участокторго барып жана ошол жерлерде добуш берүү процессине мониторинг жүргүздү.

11-январда миссия өзүнүн байкоо жүргүзүү иштеринин жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрүп, 10-январда Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисине шайлоо Казакстандын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деп жыйынтык чыгарды.

Шайлоо/референдум боюнча билдирүү