ТҮРКПА КМШнын Демократиялык шайлоонун стандарттары боюнча Конвенциясынын 20 жылдыгына арналган конференцияга катышты
2022-жылдын, 6 октябрь

2022-жылдын 6-7-октябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Санкт-Петербург шаарында өткөн “Демократиялык шайлоонун стандарттары боюнча КМШ Конвенциясы: Эл аралык кызматташтык үчүн ачык мейкиндик” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы, КМШнын Аткаруу комитети жана Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы биргелешип уюштурушкан иш-чара КМШнын Демократиялык шайлоонун стандарттары, шайлоо укуктары жана эркиндиктери жөнүндө конвенциясынын 20 жылдыгына арналган.

Конференцияга 200дөн ашык катышуучу, анын ичинде парламентарийлер, эл аралык уюмдардын жана түрдүү өлкөлөрдүн шайлоону башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана эксперттери катышты.

Эки күндүк иш-чаранын программанын алкагында “Демократиялык шайлоонун стандарттары”, “Жаштардын тандоосу”, “Шайлоо уюштуруунун мыкты тажрыйбалары” жана “Шайлоого байкоо жүргүзүү” деген темаларда төрт тегерек стол өткөрүлдү. Катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү шайлоо өткөрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Шайлоолордо жана референдумдарда демократиялык стандарттарды колдонуу, алдыңкы тажрыйбалар жана инновациялар, аялдардын жана жаштардын шайлоо процессине катышуусу жана шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоо жүргүзүү сыяктуу маселелер талкууланды.

7-октябрда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр конференциянын салтанаттуу пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Башкы катчы шайлоону жана референдумду элдин эркин билдирүүнүн негизги формасы катары мүнөздөп, шайлоо процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылууда шайлоого байкоочу миссиялардын ролун баса белгиледи. Ал ТҮРКПА менен КМШ ПААнын шайлоого байкоо жүргүзүү миссияларынын жолугушууларына токтолуп, мындай жолугушуулардын жүрүшүндө тажрыйба жана пикир алмашуу байкоо жүргүзүү процессин жакшыртууга жана эки уюмдун кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошконун белгиледи.

Конференциянын алкагында Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы биргелешип «Шайлоо процессиндеги алдыңкы технологиялар» аттуу көргөзмө да уюштурушту.

Жаңылыктардын тартиптелиши
ТҮРКПА КМШнын Демократиялык шайлоонун стандарттары боюнча Конвенциясынын 20 жылдыгына арналган конференцияга катышты
2022-жылдын, 6 октябрь
(Бул баракчадагы жаңылык)