ТҮРКПА миссиясы Казакстандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого байкоо жүргүздү
2022-жылдын, 20 ноябрь

2022-жылдын 20-ноябрында ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн Астана жана Алматы шаарларындагы бир катар шайлоо участкаларында болду. Миссия шайлоо участкалары ачылгандан баштап добуштарды саноого чейинки бардык этаптарда добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүздү. Миссия добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, жеринде шайлоочулар, шайлоо участкаларынын жетекчилери жана жергиликтүү байкоочулар менен баарлашты. Байкоо программасынын алкагында Миссиянын мүчөлөрү жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарына интервью беришти.

Эртеси күнү Миссия өзүнүн байкоо ишинин алдын ала жыйынтыктары боюнча пресс-конференция өткөрүп, Казакстан Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген корутунга келди.

21-ноябрда Алматыдагы ТҮРКПА ШБМ мүчөлөрү Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде да болуп, ректор Жансейит Түймебаев менен жолугушту. Делегацияга университеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.