ТҮРКПА жер титирөөдөн жабыркагандарга ар кандай кубаттуулуктагы генераторлорду жөнөттү
2023-жылдын, 8 февраль

2023-жылдын 6-февралында Кахраманмарашта жана көптөгөн башка коңшу аймактарга таасир эткен жер титирөөнүн кесепетинен келип чыккан муктаждыктан улам ТҮРКПА Түрк Аба Жолдору Баку Башкармалыгы аркылуу жер титирөө болгон аймакка ар кандай кубаттуулуктагы 19 генераторду жөнөттү.

Издөө-куткаруу иштери өтө кылдаттык менен уланып жаткан жер титирөө болгон аймактагы алгачкы зарыл буюм болуп эсептелген генераторлор дароо жеткирилди.

Жер титирөөнүн артынан күндөр өткөн сайын кесепеттен улам кыйроолор барган сайын айкын болуп бара жатат. ТҮРКПА Катчылыгы уюмдун негиздөөчү мүчөлөрүнүн бири болгон Түркия Республикасында болуп жаткан окуяларга терең кайгыруу менен көз салууда.

Муктаж болгондорго ар дайым жардамга келген Түркия Республикасынын жана камкор түрк элинин жанында экенибизди дагы бир жолу кайталайбыз.