КМШ ПАА ДӨМЭИ делегациясы ТҮРКПАнын Катчылыгына келди
2023-жылдын, 21 февраль

2023-жылдын 21-февралында КМШ ПАА Башкы катчысынын орун басары Айдин Жафаров жетектеген Демократиянын, парламентаризмдин өнүгүшүнө жана жарандардын шайлоо укуктарын коргоого мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институттун Баку филиалынын КМШ ПАА мүчө мамлекеттеринин (КМШ ПАА ДӨМЭИ) делегациясы Катчылыкка келип, дипломатиялык кызматкерлер менен жолугушту.

Жафаров мырза Түркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен инсандардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза Жафаров мырзага колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда Жафаров мырза КМШ ПАА эки уюмдун кызматташтыгына өзгөчө маани берип келе жатканын баса белгиледи.

Ал ошондой эле КМШ ПААнын ДӨМЭИ Баку филиалынын жаңы дайындалган директору Рамил Рзаев мырзаны тааныштырды. Өз кезегинде Рзаев мырза Баку филиалынын ТҮРКПА менен тыгыз кызматташуусуна эркин билдирди.

Тараптар тажрыйба алмашуу жана уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү боюнча пикир алмашышты.