Башкы катчы “Йылдыз сарайынын сүрөт коллекциясы аркылуу 19-кылымдагы түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары” көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты
2023-жылдын, 19 январь

2023-жылдын 19-январында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан уюштурулган “Йылдыз сарайынын сүрөт коллекциясы аркылуу 19-кылымдагы түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары” көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты.

Түркия Республикасынын 100 жылдыгына арналган көргөзмөнүн программасы Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын ачылыш сөзүн окуу менен башталды.

Иш-чарага мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, түрк кызматташтык уюмдарынын өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты.

Көргөзмөдө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын маданий мурастарын чагылдырган 19-кылымда Самарканддан Эдирнеге чейинки кең географияда тартылган “Йылдыз сарай фотосүрөттөр жыйнагынан” 75 фотосүрөт коюлду.

Султан II Абдулхамиддин дүйнөдөгү өзгөчө визуалдык архивдердин бири болгон 36 миң 585 фотосүрөттөн турган 918 альбомду камтыйт. Түрктөрдүн маданий мурасынын маанилүү бөлүгү катары Йылдыз сарайынын фото жыйнагы бул мурасты документтештирүү жана өз доорунун социалдык, маданий, экономикалык жана саясий тарыхына көз салуу жагынан өзгөчө баалуулукка ээ.

Жаңылыктардын тартиптелиши
Башкы катчы “Йылдыз сарайынын сүрөт коллекциясы аркылуу 19-кылымдагы түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары” көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты
2023-жылдын, 19 январь
(Бул баракчадагы жаңылык)