Түркия Парламентинин башчысы Башкы катчыны кабыл алды
2022-жылдын, 20 октябрь

2022-жылдын 20-октябрында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы профессор, доктор Мустафа Шентоп Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.

Тараптар 2023-жылдын апрель айында Стамбулда болуп өтө турган ТҮРКПАнын 12-пленардык отурумуна даярдыктарды жана уюмдун учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгүн талкуулашты.