ТҮРКПА миссиясынын Казакстан Парламентинин Сенатында жолугушуусу болуп өттү
2023-жылдын, 17 март

2023-жылдын 17-мартында ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында ишин баштады.

Миссия мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Социалдык-маданий өнүгүү жана илим боюнча комитетинин Төрагасы Нуртөре Жусип менен жолугушту.

Жолугушууда Жусип мырза Түркиядагы катуу жер титирөөдө каза болгондорго көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Миссиянын башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер жер титирөөдөн кийинки оор мезгилде көрсөткөн колдоосу үчүн Казакстандын өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирди.

Президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан демилгеленген мыйзамдык реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Миссияга маалымат берип жатып, Жусип мырза Парламенттин Мажилисине жана маслихаттарга мөөнөтүнөн мурда шайлоону бул реформалардын логикалык уландысы катары белгиледи. Ал миссияга шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр боюнча маалымат берди.

Миссиянын мүчөлөрү Казакстандын Ассамблеянын алкагында кызматташуу процесстериндеги ролун жана салымын баса белгилеп, алдыдагы шайлоону өткөрүүдө ийгиликтерди каалашты.