ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын бешинчи жыйыны
2016-жылдын, 17 май
Анкара

2016-жылдын 17-майында ТҮРКПАнын Укук маселелери жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын бешинчи жыйыны Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан өткөрүлдү. Жыйынга Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү жана Комиссиянын төрагасы Халук Ипек мырза төрагалык кылды.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиядан парламент депутаттары жана эксперттер катышты. Экинчи жолугушуу "Киберкылмыштуулукка каршы күрөш: мүчө мамлекеттердин ортосундагы укуктук базаны жана кызматташтыкты өнүктүрүү", ошондой эле ТҮРКПАнын финансылык документтерин, "КЫЗМАТТАРЫ ҮЧҮН" медалы жөнүндө жобону жана 2016-жылдын 18-мартында Анкара шаарында мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча экинчи жыйындын жыйынтыктары талкууланды.

Комиссиянын жыйындан кийин комиссиянын күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо максаты менен улуттук эксперттердин жыйыны болуп өттү. Эксперттер ошондой эле Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин адистери тарабынан даярдалган мыйзамды шайкеш келтирүү боюнча экинчи жыйындын жыйынтыктоочу отчетуна ылайык, туризм жөнүндө моделдик мыйзамдарды карап чыгышты.

Парламентарийлер өлкөлөрдөгү киберкылмыштуулук жана ага байланыштуу көйгөйлөргө токтолушту. Технологиялык өнүгүү ар бир өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр менен бирге жаңы тобокелчиликтерди дагы туюндурары белгиленди.

Жыйындын соңунда, 2016-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтүүчү Ассамблеянын жетинчи пленардык сессиясына сунуштоо үчүн киберкылмыштуулук боюнча отчет жана сунуштама жактырылды.

Жыйындын катышуучулары ошол эле күнү Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман мырза менен жолугушту.

Комиссиянын кезектеги жыйынын Азербайжанда өткөрүү чечими кабыл алынды.