ТҮРКПАнын Айлана-чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын үчүнчү жыйыны
2017-жылдын, 22 июнь
Астана

Казакстан Республикасынын Парламенттик Ассамблеясы өткөргөн ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны 2017-жылдын 22-июнунда Астана шаарында өттү.

Үчүнчү жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “Мүчө өлкөлөрдө альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү” болду. Жыйын жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүгө арналган ЭКСПО-2017 Астана эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө арналды.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламентарийлери, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын кызматташуу агенттиктери катышты.

Жыйын Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын жана Азербайжан Республикасыны Милли Мажлисинин Саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза тарабынан жүргүзүлдү. Ачылыш сөзүндө Амирасланов мырза ЭКСПО-2017 Эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, мындай маанилүү иш-чаранын Астана шаарында өткөрүлүшү Казакстан Республикасынын өнүгүүдөгү жетишкендиктерин көрсөттү. Төрага жалпысынан ТҮРКПАга мүчө мамлекеттер мындай иш-чараны Казакстанда өткөрүп жаткандыгына сыймыктанарын айтты.

Жыйындын негизги отчетун ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Фейзулла Кыйыклык мырза баяндады. Ал белгилегендей, энергетика бүткүл дүйнө үчүн маанилүү жана сезимтал маселе. Алгач энергетикалык ресурстардын ар түрдүүлүгү, андан кийин Түркиянын альтернативдик энергия жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Мисал катары Түркиянын геотермалдык энергетикалык жабдуулар боюнча дүйнөдө жетинчи, Европада биринчи орунда турары жөнүндө маалымат берилди.

Казакстан Республикасынын Парламентинин депутаты Серик Сейдуманов мырза ЭКСПО-2017 жана көргөзмөнүн алкагында өткөрүлүп жаткан ар кандай глобалдык иш-чаралар жөнүндө кеңири маалымат берди.

Парламентарийлер күн тартибиндеги негизги маселе боюнча ТҮРКПАга мүчө бардык мамлекеттердин потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашып, жагымсыз кесепеттерге жол бербөө үчүн ушул маселелердин бардыгын көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгилешти.

Комиссия отчетту жана сунуштаманы ТҮРКПАнын жетинчи пленардык сессиясына сунуштоо үчүн жактырды. Комиссиянын кийинки төртүнчү жыйыны Кыргыз Республикасында өткөрүлүүсү планданган.