ТҮРКПАнын Айлана-чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын бешинчи жыйыны
2019-жылдын, 30 май
Бишкек

ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын бешинчи жыйыны 2019-жылдын 30-майында, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламент) тарабынан өткөрүлдү. Жыйындын негизги темасы "Жаратылыш ресурстарын экологиялык жактан туртуктуу пайдалануу: укуктук колдоо" маселеси болду.

Комиссиянын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин мүчөсү Ахлиман Амирасланов мырзанын төрагалыгы астында өткөн жыйынга мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлери жана эксперттери, ошондой эле башка коноктор чогулушту.

Жаратылыш ресурстарын натыйжасыз пайдалануунун адамдын ден-соолугуна жана жашоосуна тийгизген таасирин баса белгилеп, катышуучулар жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдаланууну башкарууда мүчө парламенттер ойной турган ролду белгилешти. Комиссиянын мүчөлөрү жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана жаратылыш ресурстарынын потенциалын коргоо боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу керектигин талкуулашты жана бул багытта мүчө өлкөлөрдүн кызматташуусу жана биргелешкен иш-аракеттери зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле, катышуучулар бул багытта мүчө өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын жакындаштыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашышты.

2019-жылдын экинчи жарымында ТҮРКПАнын Азербайжанда өтө турган тогузунчу пленардык жыйынына сунуштоо үчүн Комиссия маселе боюнча отчет жана сунуштамасын, ошондой эле 2019-жылдын январь айында Анкара шаарында өткөрүлгөн "Табигый токой ресурстарын коргоо жана жаратылыш ресурстарын экологиялык жактан туруктуу пайдалануу" боюнча семинардын жыйынтыктоочу отчетун бекитти.

Ошол эле күнү Комиссиянын мүчөлөрүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кабыл алды. Тактап айтканда, жыйындын программасына кыргыз парламентинин жалпы жыйынына катышуучулардын катышуусу киргизилген. Ошондой эле, жыйындын программасына катышуучулардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынына катышуусу киргизилген.

Комиссиянын жыйынынын алкагында ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.