Saturday, 11 July 2020, 22:08:24 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТүркПАнын 7-пленардык жыйынына Ɵзбек парламентинин делегациясы конок катары катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТүркПАнын 7-пленардык жыйынына конок катары келген Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикеринин орун басары Нариман Умаров башынду турган Ɵзбек делегациясы менен жолугушту. Иш-чара Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 7-пленардык жыйынынын алкагында өттү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын делегациясы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) отурумуна биринчи жолу ардактуу конок катары катышып жатканын кыргыз тарап кубаттай турганын билдирди. “Эки элдин кызыкчылыгына багытталган эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуу менен тыгыз өнөктөштүк өнүгөөрүнө жана бекемделерине ишенебиз”,- дейт ал.

Ошондой эле Жогорку Кеӊештин Төрагасы кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки жактуу кызматташуулар күндөн-күнгө жанданып баштаганын белгиледи.

Өз кезегинде өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикеринин орун басары Нариман Умаров өзбек тарап дагы эки өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө өзгөчө маани берерин жана эки жакка тең пайда келтирүүнүн негизинде бардык багыттарда кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылар тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.