Thursday, 06 May 2021, 13:51:47 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы Ж.Асанов Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчиси А.Буранов менен жолугушту

2017-жылдын 13-февралында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламентик Ассамблеясынын (ТүркПА) имаратында ТүркПАнын Башкы катчысы Ж.Асановдун Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Буранов менен жолугушуусу өттү.

Маектешүү убагында Башкы катчы 2016-жылдын декабрында Баку шаарында өткөн ТүркПАнын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышуу үчүн уюштурулган Кыргыз Республикасынын, Казакстандын жана Түркиянын парламенттеринин төрагаларынын иш сапарынын натыйжаларына бийик баа берди.

2017-жылдын 16-17 февралында Кыргыз Республикасына иш сапарга бараарын айтып, мында Элчиликтин КР ТИМ алдындагы Дипакадемияда анын лекциясын уюштурууда көргөзгөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түрк тилдүү өлкөлөр арасындаыгы парламенттер аралык байланыштарды жандандыруу боюнча ролун талкуулашты.

Жолугушуу Башкы Катчынын атынан берилген жумуштук түшкү тамак менен уланды.