Monday, 17 January 2022, 02:59:59 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссиясы Кыргызстанда өз ишмердигин баштады

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасында болуп өтө турган Парламенттик шайлоого кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү үчүн ТҮРКПАнын Шайлоолорго Байкоо жүргүзүү Миссиясы Бишкекке келди.

2021-жылдын 25-ноябрында ТҮРКПАнын Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасынын орун басары, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер мырза жетектеген жана курамына парламентарийлерден – Хикмат Мамедов (Азербайжан), Нурлан Бекназаров, Елдос Абаканов (Казакстан), Шенел Йедийылдыз, Юксел Өзкан, Өмер Фетхи Гүрер, Яшар Карадаг жана Худа Кая (Түркия) кирген миссия, ошондой эле Катчылыктын өкүлдөрү өз ишмердигин башташкан.

ТҮРКПАнын байкоочулары өзүнүн байкоо программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушту. БШК Төраыймы байкоочуларды жылуу кабыл алып, ТҮРКПА Миссиясынын Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Шайлдабекова шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр, шайлоо процессинде жогорку технологиялардын колдонулушу, ошондой эле парламенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшү, анын ичинде материалдык жана техникалык аспектилери боюнча Миссияга кеңири маалымат берип, байкоочулардын суроолоруна жооп берди.

Миссия шайлоону таза, эркин жана ачык өткөрүүдө БШК-нын ишине ийгиликтерди каалап, добуш берүү процессинин жыйынтыктары өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө салым кошооруна ишенимин билдирди.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар