Monday, 17 January 2022, 02:48:17 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА 25-Эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышты

2021-жылдын 15-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЧОБӨА) жана Көз карандысыз өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясы (КӨИА) биргелешип уюштурган 25-Эл аралык бизнес форумунун (ЭБФ) ачылышына катышты.

Иш-чарага дүйнөнүн 30га жакын мамлекетинин бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, соода палаталарынын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана чет элдик инвесторлор катышты.

Форум эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, кызматташтыктын туруктуу моделдерин түзүүгө, Карабактагы бошотулган аймактарды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн инвестицияларды тартууга багытталган.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар