Monday, 17 January 2022, 02:32:53 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы китептин бет ачар аземине катышты

2021-жылдын 5-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан уюштурулган, Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы боордоштук мамилелерине арналган “Биз бул жолду бирге басып өттүк” (оригинал - «Bərabər yürüdük biz bu yollarda») китебинин бет ачар аземине катышты.

Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин депутаты Малахат Ибрахимгызы жазган китеп Азербайжан менен Түркиянын Президенттеринин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлине жетишиндеги ролуна арналган.

Иш-чарага жогорку кызмат адамдары, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын жана Азербайжандын Милли Мажлисинин депутаттары, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер катышты.

Китепти Милли Мажлистин депутаты Ахлиман Амирасланов жана Анкара университетинин ректору Неждет Үнүвар рецензиялап, ТУУЖ Комиссиясынын башчысы Өзнур Чалык редациялаган.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар