Monday, 17 January 2022, 02:12:43 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Катчылыгында Жеңиш күнүнө байланыштуу жыйын болуп өттү

2021-жылдын 5-ноябрында ТҮРКПА Катчылыгында 8-ноябр – Экинчи Карабах согушунун Жеңиш күнүнө байланыштуу жыйын болуп өттү. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Азербайжан элин бул маанилүү окуя менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согушта шейит кеткендерге ыраазычылык билдирип, ардагерлерге шыпаа каалап, жеңиште жетишилген ийгиликтердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Азербайжанга каршы адилетсиз аймактык дооматтардын жана этникалык тазалоо саясатынын натыйжасында Азербайжандын тарыхый аймагы дээрлик 30 жылдан бери мыйзамсыз оккупацияланып келгени белгиленди.

Даңктуу Азербайжан армиясы 44 күнгө созулган согушта теңдешсиз эрдиги жана чечкиндүүлүгү менен Мекендин аймактарын бошотту жана бул улуу жеңиш азыркы замандын тарыхына кайталангыс окуя катары жазылды. Ошону менен бирге Түрк тилдүү мамлекеттер Мекен үчүн тарых бою ар дайым жеңишке жеткени баса белгиленди.

Азербайжан элинин эрки, өлкө башчысынын ийгиликтүү саясаты, заманбап армиянын курулушу, ошондой эле бул согушта боордош Түрк тилдүү мамлекеттердин тынымсыз колдоосу бул согушта өлкөнүн жеңишин камсыз кылып, Азербайжандын душмандын үстүнөн тарыхый жеңишке жетишкенин дүйнөгө далилдеди.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар