Wednesday, 01 December 2021, 14:18:56 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түркстанда Ассамблея Кеңешинин жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 28-сентябрында Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору Түркстанда Казакстан Республикасынын Парламентинин коноктоосунда Ассамблея Кеңешинин Онунчу Жыйыны болуп өттү.

Кеңештин мүчөлөрү – Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп жана Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов жыйынга катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ТҮРКПАга төрагалык кылууну Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисине өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Андан соң Парламенттердин төрагалары ачуу сөздөрүн айтышып, ал эми ТҮРКПАнын жаңы Төрагасы Нурлан Нигматулин Азербайжандык кесиптешине Азербайжанда ТҮРКПАга төрагалык кылуу учурунда мактоого татыктуу эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Кеңеш күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, Пленардык жыйында Башкы катчынын жана Башкы катчынын орун басарларынын шайлоого талапкерлигин жактырды. Жыйындын жүрүшүндө туруктуу комиссиялардын катчылары да шайланды.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы