Wednesday, 01 December 2021, 13:46:17 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА парламенттердин спикерлеринин бешинчи Дүйнөлүк Конференциясына катышты

Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов 2021-жылы 6-8-сентябрда Вена шаарында өткөн парламенттердин спикерлеринин бешинчи Дүйнөлүк Конференциясына катышты. Конференция Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыкта Парламенттер аралык биримдиги (ПАБ) жана Австриянын парламенти менен биргелешип уюштурулду.

Эки күндүк конференция "Адамдар жана планета үчүн тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылган эффективдүү көп тараптуулук үчүн парламенттик лидерлик" аттуу теманын алдында өттү. Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген парламенттердин төрагалары, анын ичинде ТҮРКПА мүчө парламенттердин башчылары, ошондой эле эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү, пандемиядан кийинки күтүүлөр жана калыбына келтирүү, жалган маалыматтарга каршы туруу, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу шашылыш чаралар, саясатка жаштардын катышуусу жана гендердик теңчилик сыяктуу глобалдык маселелер боюнча эл аралык парламенттик кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Конференциянын алкагында Баш катчы парламенттик делегациялардын мүчөлөрү жана башка жогорку даражалуулар менен жолугушуп, өз ара кызыктырган маселелер жөнүндө талкуулоо өткөрдү.

Конференция жогорку деңгээлдүү Декларацияны кабыл алуу менен аяктады.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы