Monday, 17 January 2022, 01:54:26 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА менен Кыргыз-Түрк Манас университети биргелешип “Түрк дүйнөсүнүн өткөн, азыр жана келечек учурлары” аттуу симпозиумду өткөрүштү

2021-жылы 16-18-мартта Бишкек шаарында ТҮРКПА менен Кыргыз-Түрк Манас университети биргелешип “Түрк дүйнөсүнүн өткөн, азыр жана келечек учурлары” аттуу симпозимду өткөрүштү. Манас университетинде уюштурулган иш-чара түрк тилдүү өлкөлөрдүн 30 жылдык эгемендүүлүгүнө, Түркия Уулу Улуттук Ассамблеясынын (ТУУА) 100 жылдыгына жана Эгемендүү марштын 100 жылдыгына (Түркиянын улуттук гимни) арналган. Аталган иш-чарага ТҮРКПА мүчө өлкөлөрдүн депутаттары, Түрк кызматташтык уюмдардын жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Манас университетинин ректору жана ректордун орун басары Алпаслан Жейлан менен Асылбек Кулмырзаев, ТҮРКПАнын Баш катчысы Алтынбек Мамаюсупов, ТУУАнын депутаты, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын Төрагасы Исмет Учма ачылыш аземинде сөз айтышты. Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гюнай Афандиева сессияга онлайн форматында катышышты. Ошондой эле, ачылыш сессиясында Түркия Республикасынын Президентинин байланыш боюнча башчысы Фахреттин Алтундун видео кайрылуусу көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева сөз айтты, ошондой эле ТУУАнын Төрагасы Мустафа Шентоп ардактуу конок катары симпозиумда видео кайрылуусун жасады.

17-18-мартта симпозиумдун иши “Түркия Уулу Улуттук Ассамблеясы жана Эгемендүүлүк марш Улуттук суверенитеттин манифестациясы”, “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн 30 жылдык эгемендүүлүгү жана парламенттердин ролу”, “Түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктары жана маданий мурасы” жана “Түрк дүйнөнүн келечеги: күтүүлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү” аттуу төрт панелдик сессиялар менен уланды.

Катышуучулар өткөн 30 жылдын арасындагы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жетишүүлөрү, байланыштарды чыңдоо үчүн Түрк институционалдык кызматташтыгы, ошондой эле мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын келечеги жөнүндө пикир алмашышты.

Иш-чара сессиялардын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар