Friday, 16 April 2021, 23:15:27 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТДАИПтин делегациясы ТЮРКПА Катчылыгына келди

2021-жылдын 4-февралында Түрк дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлер бирлигинин (ТДАИП) Башкы катчысы Ильяс Демирчи баштаган делегациясы ТҮРКПАнын Катчылыгына келип Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов менен жолугушту.

Башкы катчылар өз уюмдары пандемия учурунда өткөргөн иш чаралар жөнүндө бир бирине маалымат беришти, ошондой эле пандемиядан кийинки учурда жигердүү кызматташтыкка үмүттөрүн билдиришти. Мамаюсупов мырза ТДАИБтин демилгелерине укуктук колдоо көрсөтүү даяр экендигин билдирди. Өз учурунда Демирчи мырза ассамблеянын алкагында жүргүзүлгөн иш чараларды өзгөчө баалады.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикирлер менен алмашышты.

Белгиленген келиштин учурунда меймандар түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы эзелден берки достугун жана боордоштугун чагылдырган улуттук белгилери бар басылмалардан, альбомдордон, сувенирлерден түзүлгөн Катчылыктын китепканасы менен таанышышты.