Saturday, 17 April 2021, 00:27:36 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Кыргызстандын ТИМ Дипломатиялык академиясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

2021-жылы 27-январында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова Бишкекте эки курум арасындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Жолугушунун жүрүшүндө ректор белгиленген меморандум мүчө өлкөлөрдүн университеттеринин ортосундагы эки тараптуу байланыштарды жеңилдетүүгө салым кошо турганына үмүтүн билдирди. Башкы катчы ушул иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп жана келечектеги жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле тараптар кызыктырган тармактарда биргелешкен иш-чараларды уюуштуруу маселелерин талкуулашты.