Tuesday, 18 February 2020, 22:12:27 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Мүчө-өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын жакындаштыруу боюнча семинар Стамбул шаарында болуп өттү

2019-жылдын 31-октябрында Стамбулда ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштыруу боюнча төртүнчү семинар болуп өттү. Иш чарага парламентарийлер менен бирге Түрк маданияты жана мурасы фондунун жана Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын башчылары мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин жана Түркиянын маданият жана туризм министрлигинен өкүлдөр катышышты.

Отурумду Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) депутаты, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы Исмет Учма ачып, күн тартибиндеги маселе боюнча сөз сүйлөдү. Андан соң ТУУЖ депутаты, Түркиянын мурдагы маданият жана туризм министри Наби Авжи, Түрк маданияты жана мурасы фондунун төрайымы Гүнай Эфендиева жана Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын башчысы Өжал Огуз өз ой пикирлерин билдиришти.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жаатында тиешелүү мекемелер тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Жыйындын жүрүшүндө Түрк дүйнөсүнүн материалдык эмес маданий мурастарын сактоо жана туризм боюнча Азербайжан менен Түркия парламенттеринин өкүлдөрү сунуштаган типтүү мыйзамдардын тегерегинде талкуу жүргүзүлүп, катышуучулар ой пикирлери менен бөлүшүштү.