Tuesday, 18 February 2020, 22:48:10 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

2019-жылдын 14-октябрында Бакыда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов баштаган делегация Түрк Кеңешинин жетинчи саммитин утурлай уюштурулган Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйынга Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн жана ошондой эле Өзбекстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери жана Түрк кызматташтык институттарынын башчылары катышышты.

Кыргыз Республикасы төрагалык милдетин ийгиликтүү аяктаган соң аны Азербайжан Республикасына өткөрүп берди.

Өз сөзүндө Башкы катчы жыйын катышуучуларын Нахчыван макулдашуусунун 10 жылдыгы менен куттуктап, Өзбекстандын Түрк Кеңешине толук кандуу мүчө катары кирип жатканын Түрк кызматташтык институттарынын тарыхында жаңы барак катары сыпаттады.

Ал эми жалпы ченемдик укуктук базаны калыптандыруу баардык интеграциялык процестерге байланыштуу экенин белгилеген Башкы катчы, азыркы заманда парламенттик дипломатиянын жана аталган процестерде ТҮРКПАнын ролун баса белгиледи.

Министрлер 15-октябрда өтө турган мамлекет башчыларынын кеңешинде мүчө өлкөлөрдүн Президенттери тарабынан кол коюула турган тиешелүү документтер менен саммит декларациясын иштеп чыгышты.

Иш-чаранын соңунда Тышкы иштер министрлеринин жана Түрк кызматташтыгы институттарынын башчыларынын катышуусунда Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.