Tuesday, 22 September 2020, 18:29:47 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Насимнин 650 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

2019-жылдын 27-сентябрында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысынын орун басары Али Йылдыз Азербайжандын улуу акыны жана ойчулу Имададдин Насиминин 650 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Аталган иш-чара өлкө президенти Илхам Алиевдин 2019-жыл Насими жылы деп жарыялаган жарлыгына ылайык, Азербайжан Республикасынын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган. Театрлаштырылган оюн-зоокко Гейдар Алиев фондунун вице-президенти Лейла Алиева да катышты.

Мүмкүнчүлүгү чектелган адамдардан куралган АСА театры эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин көмөгү аркасында чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү менен репертуарын кеңейтишкен. Аталган колдоонун натыйжасында Морис Метерлинктин «көк куш» пьесасы көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ал эми «Насими» спектакли бул чөйрөдө ийгиликтүү иштин уландысы болуп саналып, мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу адамдардын Насиминин чыгармачылыгына болгон кызыгуусун жана сүйүүсүн арттырат.