Tuesday, 22 September 2020, 17:43:20 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Нур-Султанда Евразия спикерлеринин төртүнчү жолугушуусу болуп өттү

2019-жылдын 23-24-сентябрында Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов баштаган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) делегациясы Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын Парламент Мажилиси тарабынан уюштурулган, Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын төртүнчү жолугушуусуна катышты. Андагы негизги тема «Улуу Евразия: Диалог, Ишеним, Өнөктөштүк» деп аталды.

65 өлкөнүн парламенттик делегациясы эл аралык уюмдар менен бирге парламенттер аралык уюмдардын башын кошкон бул жыйынга Казакстан Республикасынын Парламент Мажилисинин спикери Нурлан Нигматулин төрагагалык кылды. Отурумга ТҮРКПА мүчө-өлкөлөрүнүн парламент төрагалары Огтай Асадов (Азербайжан), Дарига Назарбаева (Казакстан Сенаты), Дастанбек Жумабеков (Кыргызстан) жана Мустафа Шентоп (ТҮРКПАнын мөөнттөгү төрагасы Түркия) катышты. Ошондой эле аталган иш-чарага Казакстандын биринчи президенти - Эл башы Нурсултан Назарбаев дагы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ТҮРКПА Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов сөз сүйлөп, парламенттик дипломатия көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө кыйла натыйжалуу жана ийкемдүү механизмге айланганын белгиледи. Ал ошондой эле Евразия чөлкөмүндө эл аралык коопсуздук менен туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жолдорун талкуулаган бул жыйындын маанисин баса белгиледи. Башкы катчы Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, өзгөчө Евразия чөлкөмүндөгү эл аралык жана парламенттер аралык структуралар менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуу отурумдун салтанаттуу ачылышы, үч пленардык жыйын, жыйынтыктоочу сессия жана корутунду документ кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Евразия өлкөлөрүнун парламент төрагаларынын кийинки жолугушуусу 2020-жылы Индонезияда өтөт. Аталган иш-чаранын алкагында Башкы катчы ТҮРКПА мүчө-өлкөлөрүнүн парламент спикерлери жана Өзбекстан менен Түркмөнстандын делегация башчылары менен жолугушууларды өткөрдү.