Tuesday, 22 September 2020, 17:48:35 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Тажрыйба алмашуу программасы Түркиянын парламентинде уюштурулду

2019-жылдын 22-26 июлунда Анкарада Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны (ТУУЖ) менен биргеликте «Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар бөлүмдөрүнүн иштеринин негиздери» деген темада экинчи тажрыйба алмашуу программасы өткөрүлдү.

Аталган программага мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин аппаратынын укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар бөлүмдөрүнүн, ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын кызматкерлери катышышты. Ушул эле иш чаранын алкагында ТУУЖдун тиешелүү тармактагы тажрыйбасы менен таанышуу максатында мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин аудиттери үчүн да атайы программа уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын өкүлдөрү эл аралык байланыштар жана протокол, мыйзамдар жана чечимдер бөлүмдөрү, китепкана менен архивдик кызматтар, изилдөө кызматы жана ички аудиттин стратегиясын иштеп чыгуу боюнча баяндама жазашты. Ошону менен бирге программа катышуучулары Түркия парламентинин иштөө принциптери жана андагы китепкана менен таанышып, өз өлкөлөрүндөгү тиешелүү бөлүмдөрдүн түзүлүшү, иш-милдеттери боюнча маалымат алмашышты.

Атайы программанын алкагында иш-чаранын катышуучулары ТУУЖдун аппарат башчысынын орун басары Хакан Суат Өлмез менен жолугушушту. ТҮРКПА мүчө өлкөлөрүнүн парламенттеринин кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган тажрыйба алмашуу программасынын маанилүүлүгүн баса белгилеген аппарат башчынын орун басары катышуучуларды куттуктап, программанын ийгиликтүү аякташы менен сертификаттарды тапшырды.