Sunday, 25 August 2019, 10:44:36 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Пленардык жыйындын алдында эки тараптуу жолугушуулар болду

2018-жылдын 20-21-ноябрь күндөрүндө ТҮРКПАнын сегизинчи пленардык жыйынынын алдында делегация башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары болду.

2018-жылдын 20-ноябрында өткөн сегизинчи пленардык жыйындан кийин Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы, ТҮРКПАнын мөөнөттөгү төрагасы Биналы Йылдырым Венгриянын Улуттук Жыйынынын спикери Ласло Көвер менен жолугушту.

Венгриянын Улуттук Жыйыны ТҮРКПАга байкоочулук кылуу макамын 2014-жылы алган.

***

Ошол эле күнү Биналы Йылдырым Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуп, эки тараптуу жана кеңейтилген жыйын өткөрүштү.

Тараптар парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө жаатында пикир алышып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жолдорун талкуулашты.

Жолугушуу соңунда Дастанбек Жумабеков Биналы Йылдырымды Кыргыз Республикасынын расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

***

2018-жылдын 21-ноябрында Дастанбек Жумабеков Ласло Көвер менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы эки жактуу жана парламенттер аралык кызматташуу маселесин карап, маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы 2018-жылдын 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкекте өткөн ЕККУ ПАнын күзгү сессиясына Венгрия парламентинин жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгиледи. Ошону менен катар Дастанбек Жумабеков Ласло Көверди Кыргыз Республикасына расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Ласло Көвер чакыруу үчүн ыраазычылыгын айтып, эки өлкө ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө канагаттанып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле Венгрия парламентинин спикери парламенттер аралык байланыштарды жана эки жактуу кызматташууну бекемдөөдө парламенттер аралык депутаттык достук топторунун маанилүү ролун баса белгиледи.

Мындан сырткары, тараптар терроризм жана экстремизм менен күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.