Thursday, 22 August 2019, 02:14:14 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Ассамблея Кеңеши Измирде жыйынга чогулду

2018-жылдын 20-ноябрында Измир шаарында Ассамблея Кеңешинин сегизинчи жыйыны өттү.

Жолугушууга Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы, ТҮРКПАнын аракеттеги төрагасы Биналы Йылдырым, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов катышты.

Кеңеш өз ишин ТҮРКПАга төрагалык кылууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынына өткөрүү аземи менен баштады.

Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Биналы Йылдырым кыргыз кесиптешине ТҮРКПАга төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде болуп турган маалында жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Кеңеш ТҮРКПАнын 2019-2021-жылдарга карата Стратегиялык планын жана ошондой эле 2019-жылдагы иш-чаралар планын кабыл алды.