Tuesday, 31 March 2020, 19:25:51 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү ТҮРКПА Катчылыгында болушту

2018-жылдын 19-сентябрында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын эл аралык иштер боюнча комиссиясынын мүчөлөрү ТҮРКПА Катчылыгында болушту. Аталган комиссиянын төрагасы Волкан Бозкыр баштаган делегация курамында Мустафа Канбей, Али Шахин, Ахмет Юнал Чевикес, Камил Айдын жана Айдын Аднан Сезгин мырзалар бар.

Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов меймандарды келиши менен куттуктап, Ассамблеянын азыркы таптагы ишмердүүлүгү жана 2018-жылдын ноябрь айында Түркияда өтө турган ТҮРКПАнын 8-пленардык жыйынына жана ТҮРКПАнын 10 жылдык маарекесине даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттеринин кызматташуусун бекемдөө жолдору боюнча пикир алышып, ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну иш жүзүнө ашыруу зарылдыгын белгилешти.